Бир аз убакыт мурда башталган сот отурумунда 19-апрель окуясына катышты деп соттолуп жатышкан Эркин Акназаров менен Жолдошбек Абдиевге акыркы сөз берилди. Алар, эгер, күнөөлөрү бар болсо кечирип коюушун соттон суранышты. Соңунан сот өкүм чыгаруу үчүн танапис жарыялады. Кечээки сот отурумунда мамлекеттик айыптоочу соттон Эркин Акназаровго беш жыл, Жолдошбек Абдиевге төрт жыл жаза чектөөнү сураган. Милицияга каршы таш ыргытты деп шектелишкен Эркин Акназаров менен Жолдошбек Абдиевге кылмыш ишин 19-апрелде баш аламандык болду деп козголгон кылмыш ишинин негизинде Коопсуздук комитети тергеп, сотко өткөргөн. Массалык баш аламандыкты уюштурду деп айып тагылган оппозиция лидерлери Феликс Куловго, Өмүрбек Субаналиевге, Өмүрбек Абдырахмановго жана Адилет Айтикеевге байланышкан тергөө учурда токтоп турат. (BuS)