Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

18:32 Таласта Кыргызстандын киноишмерлери менен жолугушуу өттү


Таласта жакында Ысыккөлдө өтүүчү кинофестиваль тууралуу кино тармагында иштеген өкүлдөр облустук мекеме-уюмдардын кызматкерлери менен жолугушту. Жолугушуу Талас шаарынын борборундагы «Кыркчоро» кинотеатрында өттү. Ага кино актриса Назира Мамбетова, Кыргызциркинин клоуну Жусуп Толтой келип фестиваль тууралуу элге түшүнүк берип, аталган фестивалдын алдында он күндүн ичинде бардык облустарды кыдырып жүргөндөрүн айтышты. Алардын айтымында, азыркы тапта Кыргызстан боюнча колунда бар сексенден ашык бизнесмен инсандар 20 миңден 100 миңге жакын акчаларын фестивалга бергендерин айтышты. Жолугушууга келген таластыктар тарабынан эмне үчүн кыргыз кинолорунун сапаты төмөндөп кетти деген дооматтар да айтылды. Кыргыз киносу көп жылдан бери мамлекет тарабынан каржыланбай жатканын айтып, быйыл президент Курманбек Бакиев кино тармагында иштеген кызматкерлер менен болгон жолугушуусунда кыргыз киносуна акча бөлүүгө аракет кылаарын маалымдаганын билдирди актриса Назира Мамбетова. Жолугушуу «Боз салкын» кино тасмасын көрүү менен аяктады. (UA)

XS
SM
MD
LG