Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:32

11:05 Эл аралык Валюта фондунун миссиясы Бишкекте


24-август күнү Эл аралык Валюта фондунун Пауло Нойхаус баштаган миссиясы Кыргызстандын экономикалык өнүгүү дана соода министри Сабырбек Молдокулов менен жолугушту. Жолугушууда өлкөдөгү экономикалык кырдаал, 2008-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн божомолдору тууралуу сөз болду. Мындан тышкары ишкердүүлүктү өнүктүрүү, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичиндеги соодага болгон тоскоолдуктарды жоюу, түз инвестицияларды тартуу менен ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маселелер каралды. Мындай маалыматты экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин басма сөз кызматы таратты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG