Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

11:30 Эпизоотикалык жана эпидемиологиялык кырдаал татаалданууда


Кечээ Ош облустук мамлекеттик администрациясында өткөрүлгөн жыйында дубандагы эпизоотикалык жана эпидемиологиялык кырдаал талкууга алынды. Облустун санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү боюнча башкы врачынын милдетин аткаруучу Артык Эралиевдин маалыматы боюнча облуста күйдүргү оорусун токтотууга аракеттер жасалууда. Башкы дарыгердин милдетин аткаруучунун айтуусунда Өзгөн райондук ооруканасына 17 киши жаткырылып, анын үчөө күйдүргү оорусун жуктургандыгы аныкталды. Мындан тышкары оорунун алдын алууга да аракеттер көрүлүүдө, бардык айыл өкмөттөрдө малды дарылоо иштери жүрүп жатат, дейт ал. Жыл башынан бери Ош облусунда күйдүргү оорусун жуктуруунун төрт учуру катталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG