Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 16:14

14:40 Жерүй алтын кенин Австриялык жана Казакстандык ишкерлер иштетет


Австриянын GG Holdings жана Казакстандын Vizor компаниялары Кыргызстандагы Жерүй алтын кенин биргелешип иштетүүнү башташкандыгын жума башында маалымдашкан. www.sentrasia.ru маалымат баракчасы жазганы боюнча Австриялык компания Жерүй алтын кенинин 60% акциясына ээ, ал эми Казакстандык Vizor Австриялык GG Holdings компаниясынын 50% акциясына ээлик кылат.
Кыргызстандагы тоо-кенчилер ассоциациясы болсо Жерүй алтын кенин иштетүүгө мыйзамдуу түрдө конкурс жарыялоону талап кылып келишет. Алар бул боюнча президент Курманбек Бакиевге, Жогорку Кеңешке кайрылышкан. Ал эми Жерүй алтын кени боюнча кыргыз өкмөтү менен соттошуп жаткан “Оксус” компаниясы өзүнүн ээлик укугун “КазахГолд” ишканасына өткөрүп берген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG