Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:39

16:45 Бектемир Акуновдун өлүмүн иликтөөгө Москвадан көз карандысыз эксперттер чакырылмакчы


“Бириккен фронттун” мүчөсү, 15-апрелде Нарын ШИИБ камоочу жайында каза тапкан Бектемир Акуновдун өлүмүн иликтөө боюнча Москвадагы көз карандысыз соттук эксперттер менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” укук коргоочу Азиза Абдурасулова билдирди. “Кыргызстанда көз карандысыз соттук экспертиза жок, ал эми мамлекеттик соттук-медициналык экспертиза чыгарган тыянакка ишенич жок. Ошондуктан, биз, кыргызстандык укук коргоочулар ушундай кадамга барып жатабыз,”-дейт ал.
Бектемир Акуновдун өлүмүнө байланыштуу сот иши 24-августта Нарын шаардык сотунда карала баштады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG