Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:03

17:10 Азиза Абдурасулова: массалык тополоң боюнча айыптоонун өзү туура эмес болуп калды


Укук коргоочунун пикиринде апрель окуясына катышты деп айыпталышкан Эркин Акназаров менен Жолдошбек Абдиевдин күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылышы адам укуктарына туура келбейт. “Акаевдин тушунда да жол тосуулар, түрдүү нааразылык акциялар болгон. Бирок бир да жолу ага катышкан жарандар минтип кылмыш жообуна тартылган эмес. Ал эми митинг учурунда анын катышуучуларынын коопсуздугун, коомдук тартипти сактоо мамлекетке жүктөлөт. Бул жерде тартип сактоо органдары өз ишин аткара алышкан жок”, -дейт Азиза Абдурасулова.
Биринчи май райондук соту 19-апрелде массалык баш-аламандык уюштурган деген айып менен Эркин Акназаровду 4,5 жылга, Жолдошбек Абдиевди 4 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыраткан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG