Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

17:31 Бүгүн Аламүдүн районунда жерди мыйзамсыз басуу аракети болду


Бул туурасында Маевка айыл өкмөтүнө караштуу Лесхоз айылынын тургуну Абдыкасым Амираев «Азаттыкка» билдирди. Анын билдиргенине караганда, бүгүн эртең мененки саат ондорго чукул эки жүз чамалуу адам Калыс Ордо конушунун жанындагы жерди мыйзамсыз басып, жерди бөлүштүрө башташкан. Мыйзамсыз жер басып алгандар өздөрүнүн кайдан келгендигин жана алардын артында кимдер тураарын толук түшүндүрбөстөн эле үй курабыз деген талабын билдиришкен. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү аларга жолугуп, бул жер ким бирөөлөрдүн менчиги экендигин түшүндүрүшсө дагы, чогулган эл мыйзамсыз аракеттерин токтоткон эмес. Акыры жер басуучуларды милиция кызматкерлери күчтөп таратты. (JJ)

XS
SM
MD
LG