Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:13

Ооганстанда британиялык үч аскердин өлүмүн Кошмо Штаттары иликтөөгө алат


“Ооганстанда америкалык аскерлердин бомбасынан көз жумган” деп айтылып жаткан британиялык үч аскердин өлүмүн Кошмо Штаттары иликтөөгө алат. Бул тууралуу АКШнын Мамдепартаменти билдирди. Британ командачылыгы бейшембиде америкалык учак кокустан таштап алган жардыргычтан 3 аскер курман болгонун кабарлаган эле. Америкалык күчтөрдү ал жерге британиялыктар талибдер менен атышуулар учурунда абадан колдоо көрсөтүш үчүн чакырышкан болчу.

XS
SM
MD
LG