Германиялык Кондрад Аденауэр атындагы кордун Кыргызстандагы өкүлү Г.Риссель Дипломатиялык академиядагы жолугушууларды өткөрүп, анын жүрүшүндө ар тараптуу кызматташуу боюнча келишимдер түзүлдү. ТИМдин маалымат кызматы билдиргендей бул келишимдерге ылайык сентябрдын башында дарс окуганы белгилүү профессорлор келет, октябрь айында германиялык депуттар менен жолушуулар өткөрүлөт. Ошондой эле кордун сайтына Кыргызстан тууралуу макалалардын түрмөгү жарыяланмакчы. (EBM)