Аксылык жабырлануучулар 2002-жылдын 18-мартында болгон окуя үчүн да Башкы прокуратура тарабынан иликтөө жүргүзүлүүсүн талап кылышууда. Алар ошол кездеги Баш прокурор Чубак Абышкаев, анын ошол учурдагы орун басары Курмантай Абдиев, мурдагы ички иштер министри Темирбек Акматалиев менен анын ошол кездеги орун басары Калмурат Садиев дагы Аксы окуясы боюнча жоопко тартылууга тийиш деп эсептешет. Мындай мазмундагы кайрылуу менен Аксылык жабырлануучулар президентке кайрылышмакчы. Бул тууралуу алардын адвокаты Сартбай Жайчыбеков “Азаттыкка” кабарлады.
2002-жылдын 17-18-мартында бийлик тарабынан элге атылган октон беш киши каза болгон. Буга чейин Башкы прокуратура тарабынан Аксы окуясы боюнча мурдагы беш кызматкерге айып тагылган. (ZKo)
2002-жылдын 17-18-мартында бийлик тарабынан элге атылган октон беш киши каза болгон. Буга чейин Башкы прокуратура тарабынан Аксы окуясы боюнча мурдагы беш кызматкерге айып тагылган. (ZKo)