Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:09

7:20 19-апрелдеги окуя боюнча дагы эки адамдын иши сотко өттү


Оппозициянын митингин таркатуу учурундагы массалык тополоңго катышы бар деп айыпталып жаткан Бакыт Сүйөркулов менен Болот Хаттаяковдун иши боюнча тергөө аяктап, Биринчи май райондук сотуна өткөнүн айыпталуучулардын адвокаты Касымбек Райымкул уулу билдирди. Аларга кылмыш-жаза кодексиндеги 234-«ээн баштык» беренеси боюнча айып тагылууда. Айыпталуучу Болот Хаттаяков буга чейин бир күн, Бакыт Сүйөркулов болсо 2 ай улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отуруп, баш коргоо чарасын өзгөртүү менен абактан чыгарылган. Биринчи май райондук соту өткөн жума күнү бул окуя боюнча айыпталган Эркин Акназаровду төрт жарым жылга, Жолдошбек Абдиевди төрт жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыраткан өкүм чыгарган. (SM)

XS
SM
MD
LG