Полиция маалымдашынча, бетин чүмбөттөгөн белгисиз бирөө Лондондун түндүк тарабындагы үйлөрдүн биринин жанында турган жаштардын тобуна ок аткан. Натыйжада андан 13 жаштагы бала, жана 18 жаштагы кыз менен улан жаракат алган. Мындан бир канча күн мурда Ливерпул шаарында да белгисиз кылмышкер футболдук машыгуудан үйүнө кайткан 11 жаштагы баланы атып салган эле.