Мындай сунушту өлкө бийликтери жасады. Өлкөдө соңку үч күндө тездик менен тараган өрттөн 60 чакты адам ажал тапканы кабарланууда. Тилсиз жоо мындан сырткары 500дөн ашуун имараттарды жана он миңдеген гектар аянттагы токойду жалмап кеткен. Грециянын түштүгүндөгү Пелопоннес жарым аралында тутанган өрттү өчүрүү үчүн европанын көптөгөн өлкөлөрүнөн атайын жабдылган өрт өчүрүүчү учактар келүүдө.