Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

12:20 Бишкектеги коомдук транспорттордун жол акысын көтөрүүгө негиз жок


Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Данияр Шабданов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, шаардык транспорт департаментинин жетекчиси Адыл Акматов Бишкек мэриясы жана шаардык кеңеш менен макулдашпай күзүндө жол акысы кымбатташы мүмкүн экендигин маалымат каражаттарына берген интервьюсунда билдиргени туура эмес. Шабданов ошондой эле шаардагы ун комбинатындагы баалардын эмне себептен өсүп жатканын тыкат текшерүү салык инспекциясына тапшырылганын, нандын баасын төмөндөтүү боюнча тиешелүү кызматтарга үч күндүк мөөнөт берилгенин кабарлады. (AJ)

XS
SM
MD
LG