«Education Network» билим берүү мекемелеринин жамааты ACCELS (эл аралык билим берүү боюнча америкалык кеңеш) менен биргеликте жогорку окуу жайлардын окутуучуларына тренинг өткөрүп жатат. Иш-чара 8-сентябрга чейин созулуп, анда окутуунун интерактивдүү жана натыйжалуу ыкмалары колдонулмакчы. Уюштуруучулардын билдиришинче мектепте жаш педагогикалык адистер кесиптик билимин өркүндөтүп, тажрыйба алмашууга шарт түзүлөт. (EBM)