Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:54

13:45 Жолду тоскон жер басып алуучулар күч менен таратылды


Алар өткөн ишемби күнү Калыс Ордо конушунун жанындагы жерди басып алуу аракеттерин кылышкан. Бирок аларды милиция кызматкерлери күчтөп таратышкан эле. Бүгүн эртең менен жер басуучулар Калыс Ордо конушу тараптагы «Дордой» базарына кетүүчү айланма жолду тосушкан. Чогулган эл менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин милиция күч колдонуп бир нече аялдарды кармап, көбүн кууп таратты. Бирок жер басып алгандардын өкүлдөрү «Азаттыкка» кайрадан башка жерлерди басып алуусун улантышаарын билдиришти. (JJ)

XS
SM
MD
LG