Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:45

16:20 Жалалабатта эки мектеп деректирин кызматтан алуу мугалимдерди нааразы кылды


Жалалабат шаарындагы №1 жана №3 мектептин мугалимдери менен ата-энелер бүгүн облустук жана шаар бийликтеринин алдына нааразылык билдирип чыгышты. Эки мектептен чогулган кырктай адам №1-гимназия мектебинин деректири Лебедеванын бошотулганына жана №3 орто мектептин деректири Калматовду №1-мектепке которууга каршы экенин билдиришти. Алар эки деректирди тең өз кызмат орундарында калтырууну талап кылышып, облустук билим берүү башкармасынын түшүндүрмө беришин талап кылышты. Мектеп-гимназиянын мугалимдери талаптары аткарылбаса, акыйкаттык издеп президент К.Бакиевге кайрыла тургандыктарын билдиришти. Облустук билим бeрүү башкармалыгынын жүйөөсүнө караганда,Лебедева пенсияга чыккандыгына үч жыл болгондугуна байланыштуу бошотулган. Ал эми Калматов анын тажрыйбасын пайдалануу үчүн №1-мектепке которулган.(YA)

 

XS
SM
MD
LG