Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:59

17:05 Т.Үмөталиева: Кыргыздын идеологиясы - Манас


“Манас” эпосунун улуулугун даңазалап, “Манас бабабыздын осуяттары, элин-жерин коргогон эрдиги, кыргыздын нарк-насили менен урпактардын рухий дүйнөсүн тарбиялоо максатында республиканын бардык дубандарында белгилүү жети манасчынын өнөрүн тартуулайбыз”, -деп билдирди Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева “Азаттыкка”. Анын айтымында, бул маданий иш чара 29-августта Таластагы Манас ордо комплексинде башталып, андан соң башка облустарда өткөрүлөт. Манасчылар Семетей, Сейтек эпосторун, Эр Табылды, Курманбек өңдүү майда эпостордон да үзүндүлөрдү аткарышмакчы. Бул иш чарага Кытай, Алтайдан да манасчылардын катышуусу күтүлүүдө. Күзүндө Манас темасында эл аралык илимий конференция өткөрүү болжолдонууда, дейт Үмөталиева. (AJ)

XS
SM
MD
LG