Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

КАЗАКСТАН МЕНЕН ТАЖИКСТАН АЛАКАСЫН АРТТЫРУУ АРАКЕТИНДЕ


Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин расмий сапар менен келерки айда Тажикстанга барары белгиленүүдө. Бул тууралуу өткөн аптада Астанада эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөөрү учурунда маалым болду. Маалыматтарга караганда, күтүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдө негизги көңүл суу-энергетика маселелерине бурулат.

Борбор Азиянын калган өлкөлөрүндөй эле Казакстан менен Тажикстан да эки тараптуу менен бирге көп тараптуу, башкача айтканда чөлкөмдүк уюмдардын алкагында да кызматташып келүүдө. Бирок байкоочулардын пикиринде, олуттуу жана талаштуу маселелерди алар да адатта азырынча эки тараптуу деңгээлде чечүүгө умтулат. Өкмөттөр аралык делегациялардын өткөн аптада Астанадагы сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы көргөзгөндөй, Казакстан менен Тажикстан өз ара алакасында артыкчылык берген тармактар да Кыргызстан менен Казакстандыкына дээрлик окшош.

Казакстандын премьер- министри Карим Масимовдун айтымында, президент Нурсултан Назарбаевдин келерки айга Тажикстанга мерчемделип жаткан иш сапарында талкулануучу маселердин эң башкыларынын бири - чөлкөмдүн суу ресурстарын кандайча бөлүштүрүү. Белгилүү болгондой, Тажикстан Борбор Азиянын суу ресурстарынын 60%ын көзөмөлдөйт.

Ал эми Тажикстандын премьер- министри Акил Акилов өз кезегинде анын өлкөсү тез өсүп жаткан казак экономикасын жакынкы келечекте электр кубаты менен камсыздоочулардын негизгисине айланарына ишеним билдирди:

-Биз Сангтуда-1 ГЭСи ишке киргизилгендей кийин Казакстанга жай мезгилинде экспорттолуучу электр кубатынын көлөмүн 2,5 миллиард кубометрге жеткиргенге мүмкүнчүлүк алабыз.

Тажик жана казак өкүлдөрүнүн Астанадагы сүйлөшүүлөрүндө мындан сырткары Казакстандан сатылуучу эгин менен канттын көлөмү көбөйтүлөрү, өз кезегинде Казакстан Тажикстандын айыл –чарба продукциясы үчүн базарын ачаары тууралуу да сөз болду.Тажикстандын Керектөөчүлөр союзунун төрага орун басары Асамиддин Ризоев мындай дейт:

-Биз Казакстандын Керектөөчүүлөр союзу менен айыл-чарба продукциясын эки тараптуу камсыздоо, унду, кантты жана башка азык –түлүккө алмашуу жөнүндө макулдашууга жетиштик.

Астанадагы жолугушууда Казакстандагы тажик мигранттарынын абалы да талкууланды. Бул маселе казак президентинин Душанбеге белгиленип жаткан визити учурунда да кайрадан көтөрүлөрү күтүлүүдө. Казакстандын Жамбыл облусундагы тажик маданий борборунунун башчысы Маскаб Жуманазаровдун айтымында, Казакстанга тийиштүү документтерсиз келип, бирок ал жерде калып калууга аракеттенүү тажик эмгек мигранттарынын көпчүлүгү үчүн мүнөздүү көрүнүш:

- Бул жерде 37 миңдей тажик жашайт. Көпчүлүгү Түштүк Казакстан жана Жамбыл облустарында. Түштүк Казакстан облусунда тажик тилинде беш мектеп иштейт.

Кыргызстандыктар сыяктуу эле тажикстандык эмгек мигранттар да Казакстанда көбүнесе жайкысын курулушта жана тамеки чарбаларында эмгектенишет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG