Бул тууралуу Греция бийликтери бүгүн жарыялады. Өлкөдө 30 чакты жерде чыккан өрттөрдөн 63 киши каза тапты, тарыхый эстеликтер коркунучка туш келүүдө. Бир канча европалык өлкөлөр өрт өчүрүүгө согуш учактарын, суу ташыган танкерлерди жана башка учактарды жиберип жатышат.