Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

7:00 Бектемир Акуновдун өлүмү боюнча иш кошумча тергөөгө жиберилди


Бул ишти карап жаткан Нарын шаардык соту кечээки отурумунда ушундай чечим кабыл алып, ишти кайра тергөө үчүн шаардык прокуратурага жөнөттү. Муну менен сот жабырлануучу тараптын адвокаты Канат Жайлоевдин өтүнүчүн кабыл алды. Аталган иш боюнча алгачкы тергөөдө милициянын эки кызматкерине «шалаакылык» беренеси боюнча айып тагылган эле. Бирок маркумдун жакындары башынан эле тергөө иштерине канааттанбастыгын айтып келишкен. Оппозициялык бириккен фронт быйыл апрелде уюштурган митингдин катышуучусу Бектемир Акунов 15-апрелде Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн абагында табышмактуу жагдайда өлүмгө кабылган болчу. (SM)

XS
SM
MD
LG