Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:36

Орусияда Анна Политковскаянын өлүмүнө шектелип кармалгандардын арасында ИИМ өкүлдөрү да бар


Орусиянын башкы прокурору Юрий Чайка бул ишке шектелип кармалган 10 адамдын арасында өлкөнүн ички иштер министрлиги менен федералдык коопсуздук кызматынын мурдагы жана азыркы кызматкерлери да бар экенин билдирди. Анын айтымында, кармалгандарга жакын арада бул оор кылмыш боюнча айып тагылат. Белгилүү журналист, президент Путинди сындап келген Анна Политковскаяны былтыр октябрда өз үйүнүн алдында белгисиз бирөөлөр атып кетишкен эле.

XS
SM
MD
LG