Бишкек шаардык мэрия жетекчилиги райакимдерге нандын кымбатташын көзөмөлдөө милдетин жүктөдү. Анткени мамлекеттик резервден 15 миң тонна буудай бөлүнүп берилгенине карабай нандын баасы кымбат бойдон калууда. Бүгүнкү күнгө бир бөлкө нандын баасы 9 сомго жетти, ал эми тандыр нандын наркы 7 сом болду. Эртең 29-августта райондук акимдер текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен мэрия жетекчилигин тааныштырат. Атайылап нанды кымбаттаткандарга фискалдык органдар тарабынан дагы чара көрүлмөкчү. (ElenK)