Бул туурлуу Бишкек жылуулук электр ишканасынын жетекчиси Лев Васильев билдирди. Анын айтымында, Казакстандан 300 миң, жергиликтүү көмүр кендеринен 9,4 миң тонна көмүр алууга келишим түзүлгөн. Ал эми быйыл аталган ишкананы оңдоп-түзөөгө 600 млн. сом каралса, анын 153 млн. сому эле бөлүнүп оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Васильев жылуулук электр кубатынын өлчөмү азырынча көтөрүлбөстүгүн билдирди. (AJ)