Буга дан азыктарынын баасынын кескин көтөрүлүп кетиши себеп болууда. Мындай пикирин улуттук банктын төрагасы Марат Алапаев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Улуттук банк жыл башында инфляциянын деңээли 5-6 пайыздын тегерегинде болот деген божожолун курган. 22-августка карата инфляциянын деңгээли 6,4 % чыкты. Бул көрсөткүч жыл аягына чейин 9 пайызга жетиши мүмкүн, дейт Алапаев. Азырынча өкмөт дан азыктарынын баасынын кескин көтөрүлүшүнө жол бербеш амалында мамлекеттик резервдеги 15 миң тонна данды сатыкка чыгарган. (AJ)