Бешинчи класстан алтынчы класска көчкөн Темирлан быйыл Ысыккөлдө “Жалын” пансионатында эс алган:
-Мен быйыл Ысыккөлдө лагерде эс алдым. Ал жерде чоң адамдар арак ичишет экен, тамеки чегишет экен... Анан мага чоң аялдар менен чоң кишилердин чечинип сууга түшүп атышкандары кызыктай көрүндү...
Быйыл Кыргызстандын балдар үчүн эс алуу жайларында эки жарым миңден ашык бала эс алып, өкмөт тарабынан бул эс алуу жайлары үчүн беш миллион каражат сарпталган. Мындай эс алуу жайларында балдар менен атайын адистер – тарбиячылар, дарыгерлер, милиция кызматкерлери иш алып барышат. Бирок Бишкектеги педиатрия жана балдар хирургиясы улуттук борборунун директору, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Камчыбек Узакбаевдин пикиринде балдардын туура, жакшы эс алышы үчүн атайын программалар жетишсиз жана мектеп окуучуларынын мисалы, Ысыккөлдүн пансионаттарында чоңдор менен чогуу эс алышы туура эмес:
-Балдар кандай эс алып атышат болду экен деп атайын барып көрүп келдим. Өтө чоң проблемалар бар экен. Мисалы көл жээгинде балдардын атайын пляжы жок. Аргасыз чоңдор менен чогуу түшүүгө туура келет. Чоң адамдар эми арак ичип мас болгон учурлар бар. Тамеки чегишет. Мындай көрүнүш балдардын ден соолугуна эле эмес, алардын моралдык калыптанышына да чоң зыян алып келет. Балдар үчүн иштелип чыккан атайын программалар да аз экен. Ошондуктан балдар көбүнчө чоңдор эс алган кафелерде, дискотакеларда жүрүшөт... Мындай көрүнүш мени өтө кабатырлантты.
Ысыккөлдө быйыл балдар үчүн “Барчын”, “Жалын”, “Красная гвоздика”, “Маяк” жана “Илим” эс алуу жайлары иштеди. Кыргыз билим берүү министрлигинин башкы адиси Асыл Карасартованын пикири боюнча балдарды коомдон бөлүп салуу да мүмкүн эмес:
-Албетте, чоң адамдар – чоң адамдар... бирок балдарды коомдон бөлүү да туура эмес. “Мектеп” деген өзүнчө чакан мамлекет эмеспи... Албетте биз балдарыбыздын тарбиялуу болушун күтөбүз. Бирок биз мектепте бирди айткан менен, алар көчөдөн башка нерсени көрүп атышат...Ал эми балдардын жайкы эс алуу жайларын албетте чоңдор эс алчу жайлар менен аралаштырбаш керек деп ойлойм.
Айрыкча өткөөл курактагы тестиер балдар чоңдордун жакшы да, жаман да жактарын бат кабыл алууга жөндөмдүү келет. Кыргыз билим берүү академиясынын бөлүм башчысы Сулайман Рыспаевдин пикиринде да мектеп жашындагы балдардын чоң адамдар менен көл жээгинде чогуу эс алышы улуттук менталитетке да туура келбейт:
-Чоң адамдардын баары эле адеп-ахлактын чегинде жүрбөйт да. Өздөрүн туура эмес алып жүргөндөрү бар. Андай көрүнүштөр жаш балдарга терс таасирин тийгизет. Бул жерде гигиеналык, медициналык, этикалык, эстетикалык, моралдык жагдайлар бар.
Педиатрия жана балдар хирургиясы улуттук борборунун директору, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Камчыбек Узакбаев жайкы мезгилде Ысыккөлдүн жээктериндеги балдардын эс алуу жайларын чоңдор эс алчу жайлардан бөлүп уюштуруу маселеси менен өкмөткө, коомчулукка Кайрылуу жолдомокчу:
-Ошондуктан балдардын эс алуучу жайларын мурунку калыбына келтирүү керек го деп ойлойм. Балдардын туура эс алышынын мааниси чоң. Мындай көрүнүш боюнча мен өкмөткө, дегеле коомчулугубузга кат жолдоюн деп жатам.