Билим мекемелеринин 80 пайызга жакыны окуу куралдары менен араң камсыз этилди. Ушундай расмий маалыматты Ош шаардык элге билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Абдивали Балтабаев таратты. Анын кебине караганда, айрыкча калаадагы 12 өзбек мектебинде ахыбал чатак. Өзбекстан кандаштарын китеп менен камсыздоону токтотту. Кыргыз класстарынын окуучулары дагы китептин жетишпегенинен улам эски окуу куралдарын пайдаланууга мажбур. (ATo)