Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:09

Түркиянын жаңы президенти демократиялык баалуулуктарды колдойт


Мамлекет башчылыгына жаңыдан шайланган Абдулла Гүл өлкөнүн секулярдык түзүмүн мактап, адам укуктары менен сөз эркиндигин колдоого убада берди. Мурдагы тышкы иштер министри кечээ өлкө парламентинде 339 добуш менен президенттикке шайланган. Ошентип ал Түркиянын исламчыл маанайдагы алгачкы президенти болуп калды. Исламчыл маанайдагы Адилет жана Өнүгүү партиясынан талапкер катары сунушталган Абдулла Гүл президенттикке келсе, өлкө исламчыл нукка бурулабы деген суроо буга чейин миллиондогон секулярчыларды тынчсыздандырып келген эле.

XS
SM
MD
LG