Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

ЖУСУП ПИРИМБАЕВ: ОРТОМЧУ АЛЫП САТАРЛАР БААЛАРДЫ КЕСКИН КӨТӨРҮП ЖИБЕРДИ


«Азаттыктын» маектеши «Манас» Кыргыз-түрк университетинин экономика кафедрасынын башчысы, профессор Жусуп Пиримбаев.

- Инфляциянын жогорулашына тышкы себептер негизги түрткү болду деп айтылды Борбордук банктын төрагасынын билдирүүсүндө. Инфляциянын жогорулашына сиздин оюңузча кандай себеп болду?

- Азыр негизинен расмий бийликтегилер сырткы факторлор менен түшүндүрүп жатат. Бирок, бул жерде ички факторлордун ролу өтө жогору. Себеби дегенде бизде азыркы мезгилде буудайга өскөн баа менен байланыштырып жатышат. Анан мунай заттын баасына салыштырып жатышат. Негизинен ички базарды алып карасак, биздин мамлекеттин ичинен өндүрүлүп жаткан мөмө-жемиштердин, курулуш материалдарынын инфляциясы эки эсе өсүп кетти. Биз азыр жалпысынан 9 % деп жатабыз. Мунун негизги себеби, азыркы өкмөт башкара албай калды десем жаңылышпайм. Негизги фактор - ортомчулардын базарынын монополиясы күчөп кетти.

- Ортомчулардын базары деп жатасыз. Буга ким монополиялык кылат? Маалымат каражаттарында көпчүлук учурда казакстандык ишкерлер аталууда.

- Негизинен Казакстандын ишкерлери деп курулуш материалдарын айтып жатат. Ал жерде казактын ишкерлери эмес, негизинен биздин ичибиздеги алып сатарлардын, ортомчулардын өзүнчө базары пайда болуп жатат. Мисалы, биздин мамлекеттин ичиндеги баанын туруктуу болбой жатканынын да бирден-бир себеби бар. Анткени түндүк тарап менен түштүк тараптагы бааны салыштырууга мүмкүн эмес болуп жатат. Ошондуктан ички фактордон көбүрөөк көз каранды болуп жатат. Өкмөттүн азыркы мезгилдеги иштеп жаткан экономикалык рычагдарынын жоктугу байкалып турат.

- Сиздин оюңузча өкмөт инфляциянын деңгээлин турукташтыруу үчүн эмне кылуу керек?

- Биринчиден, өкмөт ушундай шарттарга даяр болуш керек эле. Мына 3-4 жылдан бери айтылып келе жатат. Өзүбүздө өндүрүлүп жаткан өзгөчө сезон маалында өндүрүлүп жаткан продукцияларды даярдап алып, сата турган конкреттүү, жөндөмдүүлүктөгү бир дүң базар- чоң базарлар менен тең тайлаш күчкө ээ болуш керек эле. Экинчиден, монополияга каршы өзүбүздүн комитеттин ишин, мисалы, ортомчулардын монополиясынын таасирин төмөндөтүүгө аракет кылыш керек эле. Жок дегенде ушул эки факторду колдонсо, бүгүнкү күндө кескин түрдөгү баалардын өсүп-төмөндөшүнө кандайдыр бир бөгөт тосулат эле.

- Инфляция карапайым калктын жашоо деңгээлин кескин начарлатып жиберет эмеспи. Анын кесепеттерин жумшартуу үчүн, мисалы, айлык акыларды, пенсияларды, төлөмдөрдү жогорулатса бир чара болоор беле. Сиз буга кандай дейсиз?

- Бул жагы туура. Бирок, төлөм деп жатканыңыз бул жөлөк пулду айтып жатсаңыз керек. Мисалы, жөлөк пулдарды жогорулатууга мүмкүн. Бирок, бул эмиссиялык саясатка таасир этет да. Эгерде биз бүгүнкү күндө өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүз болбогондуктан акча басууга туура келет. Эгерде акчанын санын көбөйтсөк, биз анын күчөшүнө жол түзөбүз. Азыркы күндө коркпостон акчанын эмиссиялык саясатын ойлонушубуз керек. Эгерде аны ойлонбосок, дагы бир алдыда турган маселелерде кескин түрдө эгерде инфляциянын деңгээли көтөрүлүп бара жаткан болсо, элдин турмуш абалы кескин түрдө төмөндөп кетиши мүмкүн.

- Сиз адис катары инфляция жыл сонуна чейин кайсы бир ортодон чыккан себептерге байланыштуу мындан да жогорулап кетет деп айта аласызбы?
Элге тынчытуу кепилдиктерин бере алар белеңиз?


- Мен мисалы, элди тынчытуу кепилдигин, жылдын аягына чейин инфляция мындан өсүп кетээрине ишенбейм. Биринчиден, буга обьективдүү факторлор бар. Себеби, бүгүнкү күндөгү курулуштагы кармалып турган баалар акырындык менен жайкы мезгилде керектөөлөрдүн негизинде чыгып кеткен бир фактор болду. Муну биз тизгиндеп алсак жакшы болмок, тилекке каршы аны жасай албадык. Бирок, обьективдүү түрдө бул төмөндөй баштайт. Экинчи жагы продукциялардын ошондой болуп калышынын негизги себеби дагы транспорттогу проблеманын негизинде келип чыккан нерсе. Бул дагы акырындык менен токтой баштайт. Себеп дегенде ортомчулардын кампалары толушу менен аныкталат. Ошону менен күздөн тартып баанын факторундагы инфляция акырындык менен төмөндөй баштайт.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG