Бул каражат суу колдонуучулар ассоциациясын өнүктүрүү үчүн жумшалмакчы. Буга байланыштуу макулдашууга бүгүн Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Рожер Робинсон менен каржы министри Акылбек Жапаров кол коет деп күтүлүүдө. Долбоор беш жылга белгиленген. Макулдашуунун шарттарына ылайык, кыргыз тарап бул долбоорго төрт жарым миллион доллар кошууга милдеттүү. Мындай маалымат Каржы министрлигинин басма сөз кызматынан алынды. (ZMa)