Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:56

12:20 Өкмөт келерки үч жылдын бюджетинин долбоорун кабыл алды


Бүгүнкү өкмөт жыйынында келерки жылдын бюджетинин долбоорун бекитип, 2009-2010-жылдардын бюджетинин болжолдуу долбоорун кабыл алды. Жыйында дан азыктарына баалардын кескин кымбатташы да талкууланып, буга байланыштуу ун комбинаттарына лицензия берүү жана чек аралардан бир кишиге 20 тонна буудайды бекер алып өтүүгө уруксат берүү тууралуу токтом кабыл алынды. Ошондой эле Кумтөр алтын кени боюнча канадалыктар менен кыргыз тарап бир келишимге макулдашылганы, бул маселе эртең өкмөт отурумунда каралары айтылды. (AJ)

XS
SM
MD
LG