Жетимиштен ашык адам шаардагы №2-7 жана№ 8 өзбек орто мектеп деректирлеринин кызматтан бошотулганына нааразы болушту. Алар жумуштан четтетилген башчыларын кызмат ордунда калтырууну же өз жамааттарында иштеген өкүлдөрдөн деректирликке дайындап берүүнү талап кылышты.Талаптары аткарылбаса, 1-сентябрь күнү балдарын мектепке жибербей, мугали мдер сабак өтпөй тургандыктарын айтышты. Нааразы болгондор менен шаар башчысы жолугушуп, шаар кеңеш төрагасы Абдыкадыр Мамажанов талаптарын 5-сентябрга чейин аткарууну сунуш кылды. Билим берүү башкармасынын башчысы Чырмаш Дооронов аталган үч мектепте окуу деңгээли төмөн экендигин белгилеп, №8-мектептин деректири пенсияга чыккандыгына байланыштуу бошотулганын, калган эки мектептин деректирлери алмаштырылганын түшүндүрдү. Көпчүлүктүн талабы менен №8-мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы убактылуу деректирлик кызматты аткара турган болду. (YA)
16:36 Жалалабатта мугалимдер менен ата энелер мэриянын алдына нааразылык билдирип чыгышты