Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:51

20:19 Баткен облусундагы мектептерде жалпысынан 517 мугалим жетишсиз


29-августта Баткен шаарында өткөн мугалимдердин август кеңешмесинде негизинен өткөн жылдын билим берүү жаатындагы жетишкендиктер жана жаңы окуу жылына коюлган пландар каралды. Баткен облусунун билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Мериса Жигитованын айтымында, учурда облус боюнча 224 мектепте 517 мугалим жетишпейт. Алардын дээрлик көпчүлүгүн англис, орус тилдери жана математика боюнча предметтери түзөт. Ошондой эле мугалимдердин жыйынында кыргыз билим берүү академиясынын президенти Кадырбек Калдыбаев да катышып, өткөн окуу жылында облуска билим берүү тармагы боюнча 212 миллион сом берилгенин маалымдады. Быйыл облус боюнча жаңы окуу жылында 99 миң 633 окуучу билим алышат. Ал эми мектепке тартылбай калган балдардын расмий катталганы онду түзөт. (SA)

XS
SM
MD
LG