28-август күнү эртең мененки саат 10 до Түп районунун Кичиөрүктү айылынан Мерседес үлгүсүндөгү эки жеңил автомашина кагышып, алты адам каза таап, 15 жашар бала гана тирүү калды. Ысыккөл облустук автоинспекция башчысы Аман Чороевдин айтуусунда, бул кырсыкка Азизбек Бекназаров күнөлүү. Анткени ал ага каршы келе жаткан мамлекеттик номердеги Мерседестин айдоочусу Азамат Чукуловдун жолуна кирип кеткен. Натыйжада отузга чыга элек эки айдоочу жана Чукуловдун да ата-энеси да ошол жерден мерт кетти. Ал эми 15 жашар иниси болсо, оор жаракат алып, ооруканага түштү. Ысыккөлдөгү мындай автокырсыктын көп катталып жатканына транспорттун үч, төрт эсеге өскөнү, жолдун начардыгы жана адистердин жетишсиздиги кедерги болуп жаткандыгы айтылып келе жатат. (RB)
20:13 Түп районунда эки автомашина кагышып, айдоочулары жана бирөөнүн ата-энеси каза тапты