“Азаттык” үналгысынын ооган кызматы кабарлангандай бүгүн Ооганстанда талибдер барымтадагы он эки түштүк кореялыкты бошотту. Бошотулган аялдар Кызыл жарым ай эл аралык уюмунун Газни провинциясындагы кеңсесине жеткирилип берилди. Сүйлөшүүлөрдө ортомчулук кылган уруу башчысы Хажи Захир «Азаттык» үналгысынын ооган кызматына берген интервьюсунда барымтадагылардын баарын эртеңге чейин бошотууга мүмкүн болбой турганын билдирди: -Барымтадагылар азыр аябай алыс жана татаал жерде турушат. Ошондуктан алардын баарын бүгүн алып келип, эркиндикке чыгарууга талибдердин мүмкүнчүлүгү жок.
Туткундагыларды бошотуу боюнча ооганстандык, түштүк кореялык дипломаттар менен талибдердин сүйлөшүүлөрү кечээ башталган. Анын негизинде Түштүк Корея Ооганстандагы медициналык жана инженердик кызматтагы 200 жаранын ушул жылдын этегине чейин толугу менен ооган жеринен чыгарууга сөз берди.
Талибдер 23 түштүк кореялыкты 19-июлда барымтага алышкан. Андан бери алар эки кишини мууздашкан жана эки аялды эркиндикке чыгарган эле.