Бүгүн бул боюнча маалымат жыйыны өтүп, жакырчлыкты кыскартуу жана экономикалык өсүүгө таасир этүү программасынын аткарылышы боюнча аталган кордун миссиясынын байкоосунун жыйынтыктары чыгарылат. Биргелешкен маалымат жыйынына кыргыз тараптан улуттук банктын, каржы, экономикалык өнүгүү жана соода министрликтеринин өкүлдөрү да катышмакчы. Эл аралык валюта корунун миссия башчысы Пауло Нойхаус жетектеген топ Кыргызстанга 23-августта келген.(SM)