Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

12:13 Террорчулар менен беттешүүдө курман болгон офицерге Аксы районунда эстелик тургузулду


Райондун борборунда подполковник, улуттук коопсуздук кызматынын Оштогу «Альфа» бөлүмүнүн башчысы Абдрашит Өскөналиевди эскерүү аземи болуп, анын арбагына куран окутулду.Ал былтыр 12-майда Тажикстандан Баткен аймагына кирип келген куралдуу террорчуларга каршы өз бөлүмүн эки жолу чабуулга көтөрүп, кармашуу маалында жоокесептердин огунан каза болгон. Ага арналган граниттик эстелик улуттук коопсуздук кызматынын эсебинен жасалган. Эскерүү аземине чогулгандар террочулар жана диний экстремисттер менен күрөшүүнүн зарылдыгын белгилешип, Абдрашит Өскөналиевге Кыргыз Эл Баатыры наамын ыйгаруу тууралу борбордук жетекчилерге карата экинчи ирет кайрылуу кабыл алышты. Мурда ал 3-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.(YA)

XS
SM
MD
LG