Жыйынды Дин иштер боюнча мамлекеттик агенттик ЕККУнун жергиликтүү өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен өткөрүп жатат. Ага мамлекеттик бийлик органдарынан, диний уюмдардын лидерлери катышып, Кыргызстандагы диний эркиндикти камсыз кылуудагы мыйзамдык, укуктук негиздер тууралуу сөз козголууда. Бул туурасында аталган агенттиктин башчысынын орун басары Канатбек Мурзахалилов билдирди. (EBM)