Бул туурасында Каржы жана экономика министрлигинин мамлекеттин карыздарын башкаруу бөлүмүнүн башчысы Эрнест Абдуразаков “Азаттыкка” билдирди. Кыргызстандын эсептөөсүнө ылайык Украина 27 миллион доллар карыз. Бирок украин өкмөтү муну мамлекеттин эмес, мекемелердин карызы деп таанып, береседен акчалай эмес башка жолдор менен, техникалык жана гумантиардык жардам аркылуу кутулууну көздөп жатат. (EBM)