Куттуктоодо 16-жыл илгери эгемендүүлүк жарыяланып, анда бери кыргызстандыктар өз өлкөсүн жаңылантууга аракеттенип келатканы белгиленген. Кыргызстан экономикасы туруктуу өсүү жолуна түштү. Адилеттүү мыйзамдарды кабыл алуу, экономиканы көтөрүү аркылуу калктын турмушун жакшыртууга, социалдык жана экономикалык реформаларды ишке ашырууга аракет жасалары белгиленген. Куттуктоодо чет өлкөлөрдө эмгектенген кыргызстандыктарга өзүнчө орун берилген. (AiT)