Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:06

16:45 Билим министрлиги өлкөдө мектепке барбаган балдар санын аныктайт


Бул максатта аталган министрлик Улуттар уюмунун балдар кору (ЮНИСЕФ) менен бирге иликтөө жүргүзүп, канча бала, кандай себептерден улам мектепке барбай турганын аныктамакчы. Билим министринин орун басары Элмира Иманалиеванын “Азаттыкка” билдиришинче бул иш-чаралар сентябрда башталат. Ырасмий маалымат боюнча азыр сегиз жүздөй бала мектепте окубайт. Бирок балдардын укугун коргогон бейөкмөт уюмдардын билдиришинче бул сан алда канча жогору. (EBM)

XS
SM
MD
LG