Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:17

Венада Косовонун келечеги боюнча сүйлөшүүлөр башталды


Ага Cербиянын, Косоволук албандардын өкүлдөрү жана эларалык арачылар катышууда. Еврошаркет, АКШ жана Россиядан келген дипломаттар этникалык албандар менен жолугушту, кечинде болсо серб делегациясы менен кездешмекчи.Кабарчылар сүйлөшүүлөр натыйжалуу болот деген үмүт жокко эсе деп ырасташууда. Провинцияда көпчүлүктү түзгөн этникалык албандар көз карандысздыкты гана жакташса, Сербия ага караманча каршы болууда. Сүйлөшүүлөрдүн буга чейинки айлампасы Россия БУУнун сунуштарына вето коебуз деп эскерткенден кийин үзгүлтүккө учураган. Улуттар уюмунун атайын өкүлү Косового эларалык көзөмөл астындагы эгемендүүлүк берүүнү сунуш кылган.

XS
SM
MD
LG