Тажик президентинин администрациясы Орусия менен 2004-жылы жетилиген келишим күчүн жоготконун шаршембиде билдирди. Алар курула турган дамбанын бийиктиги жана анда кандай курулуш материалдарын колдонуу боюнча маселеде мунасага келе албай коюшкан өңдүү.
Тажикстандын борбору Душанбеден 110 чакырымдай чыгышыраакта жайгашкан дамбаны куруу иштери тээ 1970-жылдардын орто чендеринде эле, өлкө Советтер Союзунун курамында турган кезде эле, башталган. Кийин СССР таркап кеткенде иш да токтоп калган эле, 2004-жылы орус президенти Владимир Путин Тажикстанга барганда кайра иш жандана баштады. Ошондо Путин “орус компаниялары Тажикстанга 2 млрд.доллар инвестиция жасайт” деп убада кылганы бар.
Тажикстандын Соода жана Экономика министрлигинин расмий өкүлү Гафуржан Расули “Азаттыктын” тажик редакциясына билдиргенине караганда, ошол долбоорлордун көбү аткарылган, ал эми азыр “Русал” менен болуп жаткан окуя – адаттан сырт көрүнүш.
- Путин Душанбеге келген учурда жетишилген долбоорлордун көбү ишке ашты, мисалы, “Сангтуда-1” ГЭСи жана башка объектилер бар. Бирок тажик өкмөтү менен “Русал” компаниясы ортосундагы келишим бир топ себептерден улам ишке ашпай калды. Менимче, тараптар эч мунасага келе албай коюшкандан кийин, келишим бир жактуу эле токтотулду, - деди Гафуржан Расули.
Орусиянын “Русал” деген ишканасы келишимге ылайык, алгач Рогун ГЭСин курушу керек эле. Андан өндүрүлө турган электр энергиясы кийин Тажикстандын түштүгүндө алюминий заводун курганга жумшалмак. Жалпы инвестициянын көлөмү 1.3 млрд.долларга бааланган. Бирок анын технико-экономикалык негиздемесин түзүп жаткан учурда эле тараптар ортосунда дамбанын бийиктиги боюнча пикир келишпестиктер башталды.
Азырынча “Русал” компаниясы тажик өкмөтүнүн чечими тууралуу кабары жок экенин билдирип жатат. Бирок орусиялык бир топ аналитиктердин ишениминде, Тажикстандагы Рогун ГЭСинин курулушунан кол жууп калыш “Русал” үчүн чоң деле жоготууга турбайт. Мисалы, “Ведомости” жумалыгына сүйлөп жатып, “Метрополдун” аналитиги Денис Нуштаев энергетикалык долбоор жеке өзү “Русал” үчүн анча маанилүү эмес экендигин, компаниянын башкы максаты - өлкөдөгү алюминий заводун алуу экенин билдирген. “Алюминий заводун Тажикстан эч качан менчиктештирбей турганын билдиргенден кийин, электр-станциясын куруу долбоору “Русалды” кызыктырбайт”, - деди Нуштаев.