Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:33

ТАЖИКСТАНДА ҮЙ-БҮЛӨДӨН ЗАПКЫ ЖЕГЕН АЯЛДАРГА ТҮНӨК БЕРЧҮ ЖАЙ АЧЫЛДЫ


Тажик бийликтери үй-бүлөдөн запкы жеп чүнчүгөн хоженттик аялдарга жаңы конуш бермек болду. Конушжай Хожент шаардык ооруканасынын бир ныптасынан орун алат. Бул жерде күйөөлөрү уруп- кодулаган жана башка запкы жеген аялдар убактылуу башпаанек таап, аларга медициналык жана психологиялык жардам, ошондой эле жана укуктук жактан кеңеш берилет. Аялдарга жардам берүү борборун АКШ өкмөтү каржылайт.

Тажикстандын түндүгүндөгү Хожент шаарында үй- бүлөдөн же турмуштан запкы көргөн аялдарга жардам көрсөтчү борбор эки жыл мурда менен ачылган.

Жакшы саамалыктын демилгечиси- бейөкмөттүк “Гүлрухзор” уюму. Убактылуу конушжайга көбүн эсе күйөөлөрүнөн таяк жеген же зордукталган, болбосо күйөөсү менен оту күйүшпөгөн же психикалык илдети бар аялдар кайрылышат. Борбордун кеңеш берчү телефон линиясы 24 саат бою иштейт.

Назира Гафарова- Аялдардын иши боюнча Хожент облустук мамлекеттик комитетин жетектейт. Назира ханымдын “Азаттык” радиосуна айтышынча, үй- бүлөдө аялдарды уруп- кодулоо Тажикстан үчүн сейрек көрүнүш. Аялдар жана келин- кыздар үй- бүлөдө кандай кордук көрүшсө да, аны жараян кылганды айың санашат жана бийликтерге кеңеш сурап, чанда кайрылышат:

-Үй- бүлөдө запкы тарткан аялдар тийиштүү бийликтерге, анын ичинде күч колдонуу органдарына кайрылышы абзел. Аялдар бул кадамга анда- санда гана барышат. Анткени, алар азап жегенин бөтөн бирөөлөрдүн билгенин каалашпайт. Бирок, аялдар демейде бейөкмөт уюмдарга өз арыз- муңун айтып кайрылышат.

Кожент шаарындагы Запкы көргөн аялдарга жардам берүүчү убактылуу борбор азыр 12 жанга ылайыкташкан. Эми шаардык оорукананын бир ныптасына ээ болгондон кийин 60 аялды убактылуу кондуруп, аларга жардам берип турмакчы.

Борборго аялдарга катар эркектер да жардам сурап келишет же күнү- түнү кеңеш берчү телефонго чалып, акыл сурашат. Эркектерди негизинен юридикалык маселелер кызыктырат.

Жакында “Гүлрухбор” уюму жергиликтүү бийликтер менен чогуу Хожент шаарына коңшулаш Гафуров районунда да аялдарга убактылуу башпаанек жана кеп- кеңеш берчү борборду ачалы деп макулдашты. Бул борбор үй- бүлөдөн кордук көрүп, жардамга зар төрт аялга түнөк берет.

XS
SM
MD
LG