Балыкчы шайлоо округдук комиссиясынын башчысына шилтеме жасап маалымат каражаттарынын жазуусуна караганда, бул округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышуу ниетин дагы жети талапкер билдирди. Буга чейин үч талапкер катталган эле. Талапкерлерди көрсөтүү 3-сентябрда соңуна чыгып, 13-сентябрда үгүт иштери башталат. Ал эми добуш берүү 30-сентябрга белгиленген. (AiT)