Министрлердин үчүнчү жолугушуусу 17-сентябрда Бишкекте башталат. Бул күнү Кыргызстанга ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Чукул кырдаалдар министрлигинин алдындагы кызматтардын жетекчилери, 19-сентябрда болсо Кытай, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандын министрлеринин келиши күтүлүүдө. Жолугушуу учурунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан маалымдалды. (ZMa)