«Эгерде Белград менен Приштина чын эле эгемендик маселеси боюнча бир мунасага келсе, Орусия Косовонун көз карандысыздыгын тааныйт”. Бул тууралуу Москвада бүгүн өткөн маалымат жыйынында өлкөнүн Тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Анын айтымында, эларалык ортомчулар Орусиянын, Евробиримдиктин жана АКШнын ролу “чечимдерди таңуулоодо эмес” деп билдирди. Сербия менен анын жакын союздашы Орусия Косового эгемендүүлүк берүү боюнча БУУнун планына каршылык көрсөтүп келишкен.