Мусулмандардын ыйык Рамазан айында күнүнө Ирактагы америкалык түрмөлөрдөн 50дөн адам эркиндикке чыгарылып турмак болду. Бул тууралуу Ирактын вице-президенти Тарек ал-Хашеми билдирди. Америкалык командачылык да Хашеми менен ушундай атайын келишим жетишилгенин тастыктады. Хашеми өзү соңку мезгилдерде Ирактагы бир топ америкалык түрмөлөрдө болуп кайткан. Аларда жалпысынан 20 миңдей адам бар деп айтылууда.