Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:47

Пан Ги Мун: Барымтадагылардын бошотулушу жакшы жышаан


Бириккен улуттар уюмунун баш-катчысы, Түштүк Кореянын мурдагы Тышкы иштер министри Пан Ги Мун 19 түштүк кореялык жаран талибдердин барымтасынан бошотулушун жакшы жышаан катары баалады. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ал талибдердин барымтасында калган түштүк кореялыктарды бошотуу үчүн колдон келген бүт аракетин көргөнүн айтты. Талибдер Ооганстанда 19-июлда 23 түштүк кореялык жаранды барымтага алган болчу. Соңку бир топ апталар бою сүйлөшүүлөр жүрүп, акыркы жети жаран кечээ бошотулган. Ушу тапта “Түштүк Кореянын өкмөтү террорчулар менен сүйлөшүүлөргө барды” деген сын ойлор айтылууда. Талибдер болсо мындан ары да чет өлкөлүктөрдү уурдай бере турганын билдиришти.

XS
SM
MD
LG